Бүгүн, 5-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Алай жана Чоң-Алай районунун имамдарына уюштурулган 6 күндүк акыйда боюнча окутуу курсу аяктап, сертификаттар тапшырылды.
Сертификаттарды тапшырууга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Молдо Халил Исаков да катышып, акыйданы билүү маанилүү экендиги боюнча өз насааттарын айтып өттү.
Аталган 6 күндүк акыйда боюнча окутуу курсунда «Фикхул-Акбар» китебинин негизинде Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана «Үкү ата» медресесинин мүдүрү Белек ажы Турдалиев сабак өтүштү.
Эскерте кетсек, аталган окутууга Алай районунан 45 имам, Чоң-Алай районунан 32 имам катышып, Ош облустук казыяты тарабынан уюштурулган окуу курсуна катышкандыгын тастыктоочу сертификатка ээ болушту.