Баткен облусунун Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Ибрахим Абдимуталиб уулуна Баткен казыяты тарабынан умра сапарына жолдомо ыйгарылды.
Бул сыйлык анын ислам динин жайылтуудагы жана жамаатка көрсөткөн эмгеги үчүн ыйгарылды. Умра сапарына жолдомо ыйгаруу салтанаты Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышкан иш-чарада өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нуридин ажы Мамасабиров Ибрахим Абдимуталиб уулунун кызматын жогору баалап, анын аймактагы диний ишмердикти өнүктүрүүгө тийгизген салымы үчүн ыраазычылык билдири.
Ошондой эле мындай демилгелер дин кызматкерлерин шыктандырып, алардын келечектеги иштерине дем берет деп белгиледи.
Ибрахим Абдимуталиб уулу бул сыйлыкты алып, казыятка жана жалпы жамаатка терең ыраазычылыгын билдирди. Ал умра сапарынын жүрүшүндө район жана өлкө элинин бейпилдиги, биримдиги үчүн дуба кыларын айтты.