Муфтият жөнөткөн 60 зыяратчы Мекенге кайтып келди

Бүгүн, 7-декабрь күнү КМДБ тарабынан умрага жөнөтүлгөн 60 дин кызматкери өлкөгө кайтып келди. Зыяратчыларды Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов баштаган КМДБ кызматкерлери тосуп алды.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин демилгеси менен КМДБ тарыхында биринчи жолу 60 дин кызматкерине умрага жолдомо берилип, алар үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү Бишкек-Жидда багыты боюнча учуп кетишкен.