Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Сауд Араб Падышалыгына жасаган иш сапарынын алкагында ыйык Мекке шаарындагы «Асия аль-Вусто» (Лажнат ат-Тансикиййя лин-Назоор авкооф Васот Аасия) жана «Мавара ан-Нахр» (Лажнатул тансикиййя линназоор авкооф билаад мавара ан-Нахр) вакф ассоцацияларын зыярат кылып, мекеме жетекчилери менен жылуу маанайда жолугушуп, жыл сайын салтка айлангандай меморандум түздү.
Келишимге ылайык, ажылык учурунда Мекке шаарынан 10 чакты мейманкана кыргызстандык ажыларга колдонууга бериле турган болду. Бул мекемелер ажылык сезонунда вакф мейманканаларын Орто Азиядан келген зыяратчыларга сооп табуу максатында бекер беришет.
Жолугушуу соңунда Мекке шаарында кыргызстандык ажыларга дээрлик 20 жылдан бери жогорку деңгээлде шарт түзүп, ак кызмат кылып келе жаткан «Асия аль-Вусто» вакф ассоцациясынын башчысы, шейх Абдурахман Мухаммад Балтуга КМДБнын жогорку даражалуу «Берешен» медалы ыйгарылса, ушундай эле эмгеги үчүн «Мавара ан-Нахр» вакф ассоцациясынын башчысы, шейх Абдулхафиз Мухаммад бин Хаалиге КМДБнын жогорку даражалуу «Насыйкат» медалы тапшырылды.
«Мекке шаарында кыргызстандык ажылар үчүн 18 жылдан бери акысыз түрдө вакф жатаканалары менен камсыздап келе жаткан «Аасия аль-Вусто» жана «Мавара ан-Нахр» вакф ассоцацияларына Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын атынан медалдарды тапшырды. Чындыгында жогоруда аталган вакфтардын биздин ажылар үчүн кылган кызматы зор. Аны Ала-Тоодон келген зыяратчыларыбыз жакшы билет деп ойлойм. Алла Таалам вакф ассоцацияларынын жамаатына ийгилик, береке, соопторду атаа кылган болсун», – деп жеринен билдирди 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев.