Ажылыкты уюштуруу штабы билдирет!

2025-жылдагы ажылык сапарына баруучуларды каттоо иштери жыйынтыкталып, ажылык сапарга барууга мүмкүнчүлүк алгандар жана кезекте калгандар такталып бүттү.

2025-жылдагы Ажылык сапары үчүн 2000 АКШ долларын төлөп кезекте калган жарандар 2024-жылдын 31-декабрына чейин Элдик банктан 2000 (эки мин) АКШ долларын кайра алуусу зарыл. Бул мөөнөт ичинде акчасын алгандар 2000 АКШ долларын толук алат жана кийинки ажылык сапарына кезеги сакталат. Ал эми 2025-жылдын 1-январынан кийин КРнын мыйзам талаптарына ылайык банктык комиссия кармала тургандыгын билдиребиз.

Акча каражатын алуу үчүн ажыга баруучу жаран жеке өзү паспорту менен Элдик банктын Кыргызстандагы бардык филиалдарына кайрылып алса болот.