Кечээ, 9-декабрда Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусундагы жергиликтүү медиа өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Баткен казыятынын кеңсесинде болуп, ага «УТРК Баткен» телеканалынын, «Салам медиа», «Азаттык радиосу» жана жекече иш алып барган «Чабарман», «Көз караш» медиаларынын журналисттери катышты.
Жолугушууда Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров массалык маалымат каражаттарынын коомчулукка тийгизер таасирин белгилеп, алардын ынтымакты, адеп-ахлакты, тазалыкты жана тынчтыкты бекемдөөдө орду чоң экенин айтты.
Ошондой эле, журналисттерди 8-декабрь – Радио жана телевидение күнү менен куттуктап, казыят менен биргелешип иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен казыяты менен тыгыз иштеп келген медиа өкүлдөрү Ардак баракчалар менен сыйланышты.
Тизме:
УТРК Баткен телеканалынын кызматкери Расул Акматов;
Салам медианын өкүлү Исабек Максутов;
Азаттык радиосунун кызматкери Жеңишбек Айдаров;
Эркин блогерлер Максут Маккамов жана Нурмухаммед Абдикалык уулу.
Бул сыйлыктар алардын коомчулукка туура маалымат жеткирүүдөгү жана казыяттын ишмердүүлүгүн чагылдыруудагы салымын баалоо катары тапшырылды.
Жолугушуунун соңунда журналисттер үчүн сый тамак уюштурулуп, бейформал маанайда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Катышуучулар келечектеги кызматташтыкты дагы да бекемдөө тууралуу пикир алышты.
Бул иш-чара медиа менен дин өкүлдөрүнүн биргелешкен аракетин чыңдоого жана маалыматтын туура жеткирилишин камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам катары бааланды.