Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков жана казыяттын бухгалтери Сулайман ажы Шерматов майыптар күнүнө карата Кара-Суу районундагы дүлөй балдар үчүн атайын жатак типтеги бала бакчасын жана Ош шаарындагы «Боорукер» үй-интернатын зыярат кылып, жылуу сөздөрүн айтып, акчалай жардам көрсөтүштү.
«Башына сыноо келген адамга жылуу сөз айтып, көңүлүн жибитүү да чоң жардам. Жакшы насааттарыбызды айтуу менен биргеликте 30 миң сом акчалай жардам да берип келдик. Алла Таала оор сыноого, кыйынчылыкка дуушар болгон адамдарга жеңилдик берсин. Биздин адамкерчилик милдетибиз алардан кабар алып, аз да болсо жардам колун сунуу болуп саналат», – деп билдирди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.