Ноокатта «Илим-билим жана ыйман маданияты» аталышындагы жолугушуулар өтүүдө

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жаңы окуу жылынын башынан баштап, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен макулдашуу аркылуу мектеп окуучуларына «Илим-билим жана ыйман маданияты» аталышындагы лекцияларды уюштура баштаган.

«Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен райондук билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашып, мектеп окуучуларына адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды уюштурдук. Райондогу жалпы имамдарыбыз өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, ИИМ кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Сентябрь айынан баштап, 40га жакын мектеп окуучулары менен жолугушуулар уюштурулду»- деп билдирди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.