Хатибияттын демилгеси менен 8 тонна көмүр таратылды

Бүгүн, 12-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев хатибияттын демилгеси менен 8 тонна көмүр таратылгандыгын билдирди.

«Өлкөбүздө кыш мезгили башталып, көпчүлүк муктаж үй-бүлөлөрдө көмүр маселеси түйшүк жараткандыктан, хатибият демилгелеп, 8 тонна көмүр муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Демилгебизди колдоп, көмөк көрсөткөн инсандардан Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.