Азирети Муфтий Ысык-Көл облусунун казысынын отчётун укту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын эмгек жамааты Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаевдин жылдык отчётун укту.

«Самидин кары Ысык-Көл облусунун казысы болуп дайындалганына үч ай болгонуна карабай, жакшы натыйжа көрсөтүүдө. Буга өзүбүз да, КМДБнын борбордук аппараты да, Ысык-Көл ооданынын тургундары да күбө. Айталы, казыят имаратынын курулушу, экстремизм менен теориялык күрөш, репатрианттар менен иш алып баруу, аймактагы эл менен жолугушууларды өткөрүү, ханафилик-матуридилик боюнча диний агартуу иштерин жүргүзүү  ж.б. иштер жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Бул да болсо ротациялык чечимибиздин жемиши деп ойлойм», – деди Азирети Муфтий.

Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришүүдө.