Азирети Муфтий Нарын облусунун казысынын отчётун укту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын эмгек жамааты Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик ажы Молдокуловдун жылдык отчётун укту.

Азирети Муфтий кыш мезгили алты айга созулган Нарын облусунда динге кызмат кылуу шарапаттуу миссия экенин белгилеп, облус казысынын жаш өспүрүмдөргө багытталган иш-аракеттерин жогору баалады.

Ал эми Эрик ажы Молдокулов казыяттын алдындагы «Нарын» медресесинин чыгымдары казыяттын мойнунда экенин, көмүргө эле миллион сомго чукул акча сарпталарын айтып, муфтият тараптан аты аталган диний окуу жайга көңүл бурууну суранды.

Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришүүдө.