Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ борбордук аппараты Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбековдун жылдык отчётун укту.
Ниматулла ажы Жээнбеков 2024-жылдагы Жалал-Абад облустук казыяты тарабынан аткарылган иш-аракеттер боюнча отчёттук маалыматтарды угузуп, КМДБ кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.
Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат берип жатышат.