Азирети Муфтий Баткен облусунун казысынын отчётун укту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын борбордук аппараты Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун жылдык отчётун укту.

Облус казысы 2024-жылдагы казыят тарабынан аткарылган иш-аракеттер боюнча отчёт берип, КМДБ жетекчилиги жана бөлүм башчыларынын суроолоруна жооп берди.

Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришүүдө.