Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын борбордук аппараты Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбековдун жылдык отчётун укту.
Облус казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков 2024-жылдагы казыят тарабынан аткарылган иш-аракеттер боюнча отчёт берип, КМДБ жетекчилиги жана бөлүм башчыларынын суроолоруна жооп берди.
Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришүүдө.