Өзгөндө айымдар арасында «Фикх» боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Шагым айылында айымдар үчүн «Фикх» боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Айымдар үчүн мелдеш өткөрүп, диний сабаттуулугун жакшыртууга аракет кылуудабыз. Биздин демилгени жергиликтүү демөөрчүлөр да колдоого алып, акчакалай сыйлыктарды уюштуруп беришти. Өткөрүлгөн мелдешке катышкан айымдар эң кичүүсү 25 жаш болсо, эң улуусу 75 жаштагы энебиз болду»- деп билдирди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров

Мелдеште аталган айылдан 30 аял катышып, алдыңкы орундарга акчалай сыйлыктар тапшырылды:
1-орун 9000
2-орун 8000
3-орун 5000
4-орун 3000