“Амина” медресесинде ДОЖдор арасындагы салттуу көчмө семинар уюштурулду

Кечээ, 15-декабрь күнү Чүй облусуна караштуу “Амина” медресесинде диний окуу жайлар арасында адатка айланган көчмө семинар болуп өттү. Семинарга “Равза”, “Хазрети Айша эне”, “Ала-Тоо 2”, “Султан Ахмад 2”, “София”, “Зулкарнайн”, “Мустафа”, “Азирети Осмон” медреселеринде араб тили сабагынан берген окутуучулар катышты.

Ачык сабак араб тили сабагынан “Акыркы кат” темасы боюнча өтүлсө, “Менин Кыргызстаным – тынчтыкты сүйгөн, эркин, көп улуттуу өлкө” деген тематиканын алкагында класстан тышкаркы сабак уюштурулду. Ачык сабакта студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, класстан тышкаркы сабакта биримдикти даңазалаган сахналык көрнүш коюп берүү менен биргеликте автордук тарбиялык чыгармаларын тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана класстан тышкаркы ишке анализ беришип, ыраазычылык айтышты. Көчмө семинардын жыйынтыгында ачык сабакка «эн жакшы», класстан тышкаркы иштин өтүлүшүнө «эң мыкты» деген баа берилди. ‎

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен ДОЖдор аралык иш-чаралар байма-бай өтүүдө. Саамалыктын максаты окуу жайлар аралык достукту, байланышты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана окутууда жаңы ыкмаларды практикалоо болуп саналат.