Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылында жайгашкан “Нур” жума мечитинин имамы Мухаммадрасул Ботобаевге айыл тургундары “Hyundai Getz” үлгүсүндөгү авто унаа белек кылышты.
Саамалыкка жергиликтүү жамаат, айыл аксакалдары катышып, өздөрүнүн жылуу сөздөрү менен бирге ак баталарын беришти.
Райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов: “Элге, динге кылган кызматтын мээнети сөзсүз бааланат. Мухаммадрасул дамла 25 жылдан бери талыкпай кызмат кылды. Бүгүн мынтип, жергиликтүү жамаат ыраазычылык сөздөрүн айтып, темир тулпардын ачкычын тапшырышты. Бул биздин имамдарыбыздын дагы да жакшы иш алып баруусуна өбөлгө болот”, – деди.