Баткен облусундагы «Имам Азам» медресесинде «Эгер сенин нурун өчсө өмүрдөн, эчак келмек бул дүйнөгө кыямат» деген аталыштагы тарбиялык жана маданий иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага 1, 2, 3 жана 4-курстардын студенттери активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, сүрөттөр тартып, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн уюштурушту.
Медресе мугалими Айжаркын Акбарова бул иш-чаранын максаты жөнүндө төмөнкүлөрдү айтты:
«Биздин негизги максатыбыз – студенттерге Пайгамбарыбыздын бүт адамзатка үлгү боло турган адеп-ахлагын, кулк-мүнөзүн түшүндүрүү. Адеп ахлак – бул Аллах менен болгон, өзүнүн напсиси менен болгон жана коом менен болгон мамилени туура нукка салуучу негизги принцип».
Бул иш-чара студенттердин диний билимди терең өздөштүрүүсүнө гана эмес, алардын адеп-ахлактык жактан жетилүүсүнө дагы чоң салым кошмокчу.
Окуу жайдан билдиришинче, мындай иш-чаралардын мындан ары да улантылат.