Мелисбек ажы Тургунбаев: «Үйдө балдардын тарбиясына ар бирибиз көңүл буралы»

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү жана калаа хатибияты тарабынан “Биз баарыбыз үй-бүлөлүк зомбулукту кызкартуу үчүн жоопкерчиликтүүбүз” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Иш-чара областык Барпы атындагы драма театрында болуп, ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, Жала-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев, ата-энелер жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жөнүндө сөз болуп, окуучулар тарабынан даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, монологдор окулду. Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктун алдын алууда күч органдары менен шаардык хатибият жакындан иш жүргүзүп жаткандыгын айтып буларга токтолду.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнүн куттуу хадисинде, “Силердин эң жакшыңар үй-бүлөсүнө жашы мамиле кылгандар” деген. Бүгүн тилекке каршы коомубузда үй-бүлөлүк зордук зомбулук маселеси, жубайлардын бири бирине, ата-энелердин балдарга же тескерисинче балдардын ата-энелерге жасаган мамилелеринде көйгөйлөр көбөйүп баратат. Ошондуктан бул маселеде жалгыз күч органдары эле эмес, баарыбыз чогуу, бирге аракет көрүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын тапшырмасына ылайык, имамдарыбыз ар бир жума баяндарда бул маселе боюнча айтып келишет. Ошондуктан ата-энелерге айтар аманат сөзүбүз ар бирибиз үйдөн балдардын тарбиясына көңүл буралы. Балдардын билим алуусуна, ал тургай чөйрөсүнө, бош убактысына, үй тапшырмасына маани берели», – деди.

Саамалык соңунда мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктун балдарга тийгизген терс таасирин чагылдырган видео роликтер боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты роликтерди даярдагандарга сыйлыктар тапшырылды.