Балыкчыда диний кырдаал жана репатриацияланган жарандар боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 19-декабрда Балыкчы шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Асылбек Мамбетовдун жетекчилигинде атайын жыйын болуп өттү. Иш-чаранын темасы Ысык-Көл облусундагы диний кырдаал жана аймакта жашаган репатриацияланган жарандарды реабилитациялоо болду.

Жыйынга Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, даават адиси Мусакожо Кыпчагалиев, мектеп мугалимдери, милиция кызматкерлери, социалдык коргоо тармагынан жана мэрия өкүлдөрү катышты.

КР дин иштери боюнча изилдөөчү Айжан Бегимкулова өз баяндамасында милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери, мугалимдер жана дин кызматкерлери үчүн атайын иштелип чыккан, чет өлкөдөгү конфликттик аймактардан кайтарылган жарандарды коомго интеграциялоого арналган усулдук колдонмо китепчелер тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Жыйында Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов сөз сүйлөп, Алла Тааланын мээримдүүлүгүн эске салып, конфликттик аймактардан кайтарылып келген мекендештерге боорукердик жана кечиримдүүлүк менен мамиле кылууга чакырды. Ал ошондой эле коомго аралашууга жардам берүү, муктаждарга материалдык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Бул жыйын аймактагы коомдук биримдикти жана репатриацияланган жарандардын коомго натыйжалуу интеграцияланышын камсыздоого багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.