Ош шаарындагы «Имам Бухари-Алай» атындагы борбордук мечитте Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жыл ичинде мыкты иш алып барган казыят кызматкерлерин, мечит имамдарын, имамдын орун басарларын, азанчыларын жана чарбалык адистерин аныктап, Алкыш баракчаларын тапшырды. Ошондой эле ар дайым элибиздин руханий жактан калыптануусуна материалдык жактан колдоо көрсөтүп келген «Примов» жана «Себепкер» кайрымдуулук фонддоруна ыраазычылык баракчаларын ыйгарды.
Саамалыкка Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, казыяттын эмгек жамааты, калаадагы мечит имамдары, имамдын орун басарлары, мечит азанчылары жана мечиттин чарбалык адистери катышты.
Жыл мыктыларын аныктоо казыяттын эмгек жамааты тарабынан бир канча категориянын негизинде тандалып алынды. Алсак, мечиттердин тазалыгы, документтеринин тактыгы, шарттардын түзүлгөнү, имамдын санарип менен иш алып баруусу, жергиликтүү тургундар жана казыят менен тыгыз иш алып иштешүүсү ж.б.
Жыйынтыгында жыл ичинде өзгөчөлөнгөн дин кызматкерлерине «мыкты казыят кызматкери», «үлгүлүү имам», «мыкты наиб-имам», «үлгүлүү мечит», «кооз азанчы» жана «мыкты чарбалык адис» номинациялары ыйгарылды.