Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын кызматкерлери жана райондук, шаардык имам-хатибдери Өзгөн шаарынын тарыхый жана маданий мурастарына зыярат жасашты. Сапардын алкагында алар «Бабалардан калган баалуу мурастар казынасы» аттуу музейде болушуп, музейдин уникалдуу экспонаттары жана кыргыз элинин бай тарыхы менен таанышты. Музейдин директору Султан Абдрахманов жеке өзү экскурсия жүргүзүп, ар бир экспонаттын мааниси жана тарыхый ролу тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
Ошондой эле, делегация ханафи мазхабынын эң улуу аалымдарынын бири болгон Имам Сарахсийдин күмбөзүн зыярат кылып, Куран окуп, дуба кылышты. Имам Сарахсийдин исламий илимге кошкон салымы жана анын руханий мурасы тууралуу ой бөлүшүп, чоң аалымдын ишмердүүлүгүнө таазим этишти.
Бул сапар дин кызматкерлерине өлкөнүн руханий жана тарыхый мурастарын жакындан таанып-билүүгө шарт түзүп, алардын ишмердүүлүгүндө чоң шыктандыруучу фактор болду. Ысык-Көл казыяты мындай иш-чаралар дин кызматкерлеринин билим деңгээлин арттырып, тарыхый жана маданий аң-сезимди тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Казыяттын өкүлдөрү мындай зыяраттарды келечекте дагы улантууну пландап жатканын билдиришти.