Бүгүн, 20-декабрь күнү Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» мечитинде Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан «Билимдүү аял – күчтүү коомдун негизи» аталышында чоң масштабдагы аялдардын жылдык отчёттук жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, ДИМК ТАБ кызматкери Акмат Оморов, Ош ШИИБ ЭММКАК өкүлү Уларбек Маканов, казыяттын эмгек жамааты, аялдардан турган калаадагы диний окуу жайлардын мугалимдери жана илим талап кылуучулары катышты.
Иш-чара алгач маркумдарга багышталып Куран окуу менен башталып, андан соң Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов аялдардын коомдогу ордун, тагыраагы үй-бүлө институтун сактап калууда, коомго пайдалуу перзенттерди тарбиялоодо жана бүгүнкү мамлекеттин калыптануусунда орду чоң экенин баса белгиледи.
«Ислам дининде жана кыргыз эл маданиятында аялдардын орду аябай чоң. Аялзаты үйдүн да, мамлекеттин да куту», – деди шаар казысы.
Ал эми Ош ШИИБ ЭММКАК өкүлү Уларбек Маканов аялдарды ар кандай чөнтөк жана уюлдук телефон шылуундарынан сак болууга чакырды.