Кечээ, 19-декабрь күнү Бишкек казыяты тарабынан кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара алкагында «Бишкек кыз Куран курсу» медресесинде азык-түлүк таратылды.
Диний окуу жайларга жардам берүүгө багытталган иш-чарага Бишкек шаарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев катышып, илим-билимдин мааниси жана кайрымдуулуктун артчыкчылыгы тууралуу сөз сүйлөдү.
Саамалыктын соңунда медресенин жалпы жамааты казыятка өз ыраазычылыктарын билдиришип, мындай иштердин көп-көп болушун тилешти.