Жалал-Абад: Китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте “Мен Пайгамбарымды тааныгым келет” аттуу китеп окуу конкурсун уюштуруп, жеңүүчүлөрүн аныктап, сыйлыктарды тапшырды. Сыйлыктарды тапшыруу Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында болуп, ага казыятын окуу адиси Арпидин ажы Жороев, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жана сынактын жеңүүчүлөрү катышты.

Аземде шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев сынак октябрь айынын башында жарыяланып, 17-ноябрда болуп өткөнүн, белгилүү себептерден улам сыйлыктарды тапшыруу бир аз мөөнөткө кечиккендигин айтып буларга токтолду.

«Урматтуу “Мен Пайгамбарымды тааныгым келет” аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул сынакка жалпы 90 дон ашуун конкурсант катышты. Анда ар бириңиздер “Мухаммед Пайгамбарыбыздын бейнеси” аттуу китеп боюнча түзүлгөн 50 суроого жооп бердиңиздер. Сиздердин берилген суроолорго карата берген жообуңуздарга ылайык атайын комиссия тандап, бүгүн жеңүүчүлөр чакырылып олтурасыздар. Эң башкысы жениш эмес, катышуу. Ошондуктан ар бир китепкөй катышуучуларыбыздан Аллахым ыраазы болсун. Сиздердин бул аракетиңиздер, бир эле китепке эмес, Пайгамбарыбызга болгон сүйүүңүздөр, ага болгон урматыңыздар деп билебиз. Ошондуктан мен жеңишке жетпей калдым, орунга илешпедим деп чөкпөстөн, дайыма китеп окуунун, илим-билим алуунун үстүндө талыкпай эмгек кыла бериңиздер. Анан биздин демилгени колдоого алган “Ай жылдыз” умра компаниясына, жеке ишкер Торокулов Данияр Сайдуллаевичке ыраазычылык билдиребиз», – деди.

Атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгына ылайык, берилген 50 суроонун 48 не туура жооп берген Гүлнара Каримова 1-орунду ээлеп, умрага жолдомо утуп алды. 46 суроого туура жооп бергендиги үчүн Клара Акбарова 2-орунду ээлесе, Элдос Мамазакиров 42 суроого туура жооп берип 3-орунду багындырган. Алдыңкы орунду алгандарга үй-тиричилик буюмдары тапшырылып, калган 7 катышуучу кызыктыруучу баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чара соңунда катышуучулар тарабынан уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык сөздөр айтылып, ак баталар берилди.