Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун буйругу менен Нурсултан Абдукаров Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды. Ал буга чейин Сүлүктү шаарынын баш имам-хатибинин орун басары болуп иштеп, жамаат арасында активдүү жана натыйжалуу ишмердүүлүгү менен таанылган.
Өмүр баяны:
Абдукаров Нурсултан Иматкулович 1992-жылдын 17-майында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
2010-жылы И.Раззаков атындагы №7 орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 2016-жылы Исфана шаарындагы «Абдулло бин Аббас» атындагы ислам институтуна тапшырып, 2020-жылы «Араб тили жана шарият» адистиги боюнча билим алып чыккан.
Эмгек жолун 2020-жылы «Абдулло бин Аббас» институтунда араб тили окутуучусу болуп баштаган. Ошол эле жылы «Умар» мечитине имам болуп дайындалган.
2021-жылы Сүлүктү шаарындагы баш имам-хатибинин орун басары болуп дайындалып, 2022-жылы борбордук «Нур-Вали» мечитинин имамы болуп иштей баштаган. 2023-жылы ал кайрадан баш имам-хатибинин орун басары болуп эмгектенип келген.
Нурсултан Абдукаров үй-бүлөлүү, бир уул жана бир кыздын атасы.
Казыяттын билдиришинче, жаңы баш имам-хатиб шаардын диний иштерин мындан ары да өнүктүрүп, коомчулук арасында ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө аракет кылмакчы.