Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров КМДБдагы бөлүмдөрдүн жылдык отчётун укту.
Отчёттук жыйында бөлүмдөрдүн 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери угулуп, ар бир багыт боюнча талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле 2025-жылга карата иш-пландар жана приоритеттүү максаттар талкууланды.
Азирети Муфтий отчётторду угуп, бөлүмдөрдүн ишин баалап, мындан ары да жарандарга сапаттуу жана эффективдүү кызмат көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.
«Жылдык отчёт алуубуздун максаты – ийри отуруп, түз кеңешүү. Кайсы бөлүмүбүздө кандай көйгөйлөр бар, жетишкендик жана жетишпестик эмне, бүт баарын көздөн өткөрүп, мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Жыл ичинде эмнелерди кыла алдык да, эмнелерди кыла албадык. Кыла албасак, анын себеби эмне деп сереп салуудабыз, – деген Азирети Муфтий, – Бул кызмат бизге Алла Таала тарабынан берилген аманат. Аманатты жон терибиз менен сезип, кыргыз элине чын дилден кызмат кылып берели. Динибизге ак кызмат кылып, адал эмгектенсек, Алланын даргөйүндө да, элдин алдында да жүзүбүз жарык болот», – деди.
Жыйындын соңунда бөлүмдөрдүн жылдык аракети бааланып, алардын ишин жакшыртуу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Айта кетсек, бул саамалык КМДБнын жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнө баа берүү жана алдыдагы иш мерчемдерди бекитүү үчүн маанилүү кадам болуп калмакчы.