Өлкө башчысы Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын март айынан тарта мечит имамдарына айлык акы төлөнө турганын билдирген. «Кабар» агенттиги каржы маселеси кайсыл булактардан алынарына кызыгып, мамлекет башчыга суроо узатты.
— Саламатсызбы, Сиз Элдик курултайда өлкө боюнча төрт миңге жакын мечиттин молдолоруна март айынан баштап 8 миң сомдон, жылдын аягына барып 20 миң сомго чейин айлык төлөнө турганын айттыңыз. Бул үчүн каражатты кайдан алып жатасыздар?
— Ооба. Бул сөздү мен Элдик курултайда делегаттардын бирөөсү даават маселесин көтөргөндө айттым. Келе жаткан жылдын март айында ар бир айылдын молдосуна 8 миң сомдон бериле баштайт. Ал эми жылдын аягына барып ар бир айылдын молдосу 20 миң сомго жакын айлык ала башташат. Бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы молдолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз. Биз светтик өлкө катары динге кийлигишпейбиз. Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз. Мисалы, келе жаткан жылы ар бир мечитке электрондук жашик орнотуп беребиз. Мурдагыдай садака салчу жыгач, темир жашиктер жок болот. Садаканы электрондук QR-код аркылуу телефон менен эле салып койсо болот. Акча түздөн-түз муфтияттын банктык эсебине келип түшөт. Ал акчалар кайда жумшалаарын муфтият менен Аалымдар кеңеши өздөрү чечет.
— Мамлекет имам, молдолорго эмнеге мынчалык кам көрүүдө?
— Ойлоп корсок, төрөлгөндөн өлгөнгө чейин молдолорго муктажбыз. Төрөлгөндө молдо чакырып, азан айттырып ат коёсуз. Үйлөнгөндө молдо чакырып нике кыйдырасыз. Өлгөндө молдо чакырып жаназа окутасыз. Ким көңүлүнөн чыккан тыйынын берип койгону болбосо, ушунун баары бекер. Молдолор бүгүнкү күнгө чейин эмгек акы алышпайт. Ошондуктан ар бир айылдын молдосу эмгек акы алып иштесин деп жатабыз. Ошондо милдеттүү түрдө иштешет. Башка динге же башка агымга кирип кеткендерди тарбиялап, бир гана муфтиятка баш ийип, ханафий мазхабына кайтаруу жагын муфтият молдолорго жүктөсө болот. Муфтияттын сөзү да молдолорго өтүмдүү болот. Чачыранды болуп жүргөн дин тармагы тартипке келет. Өзүбүз бир эле элбиз. Анан 15-20 агымга, кандайдыр бир башкача дин эрежелерине бөлүнүп жүрөбүз. Бул өтө уят жана опурталдуу нерсе.
Муфтият бар, Аалымдар кеңеши бар, «бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген сөз бар. Күч органдары, сен туура эмес багытка кеттиң деп жазалап тарбиялаганга караганда муфтият, молдолор тарбияга салса, адашкандар тез бурулат. Дин боюнча ошолорго баш ийгенди үйрөнөлү. Ар бир айылдын, ар бир мечиттин молдосу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туура эмес багытка кетип жаткан жарандарыбыздын ар бири менен өзүнчө жеке маек куруп, баарын туура жолго салуулары керек. Мына ошондо биздин өлкөбүздүн келечеги кең болот. Келечек муундарга өнүккөн, күчтүү, тартиптүү эли бар өлкөнү куруп берип кеткен болобуз.
Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев