Стамбул: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун иш сапары башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жумушчу сапары менен боордош Түркия мамлекетинин Стамбул шаарына барды. Азирети Муфтий баштаган делегация иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмун (ТМУ) зыярат кылып, ТМУнун баш катчысы Өмүралиев Кубанычбек Касымовичтин кабыл алуусунда болду.

Жолугушууда КМДБ жетекчиси Кубанычбек Касымовичти уюмдун башкы катчылык кызмат орду менен кызуу куттуктап, Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ТМУнун диний башкармалыктар (муфтияттар) кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстанда өткөрүлөрүн жана ага КМДБнын төрагалык кыларын маалымдап, анын алкагында мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөө, Кыргыз өлкөсүндө ири масштабдагы эл аралык илимий конференция өткөрүү, бир катар зарыл диний-заманавий маселелердин фатвасын кароо, ажылыкты уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу сыяктуу саамалыктар күн тартибинде экенин айтса, ТМУнун башкы катчысы жакындан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип өттү.

Кыргызстан делегациясынын курамында КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, КМ АК мүчөсү Самаган ажы Мыразаибраимов, Азирети Муфтийдин орун басары, УРШ төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу бар.

Айта кетсек, 2024-жылдын 22-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азиретий Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркия мамлекетине расмий иш сапары менен жөнөп кеткен. Иш сапардын алкагында Стамбул жана Анкара шаарларында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, эки бир тууган өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө, кызматташтыкты өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу боюнча маанилүү талкуулар өткөрүлөрү мерчемделген. Маанилүү жолугушууларга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов да катышмакчы.

Иш сапар Түркия менен Кыргызстан ортосундагы тарыхый достук мамилелерди бекемдөөгө, билим берүү, диний кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Жолугушууларда эки өлкөнүн элдеринин достугун чыңдоого багытталган демилгелер талкууланып, келечектеги кызматташтыктын негизги багыттары аныкталат. Жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча кошумча маалыматтар берилет.