Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты облус аймагындагы бардык район-шаарлардын баш имам хатибдеринин 2024-жылы аткарган иштеринин отчётун кабыл алып, жыл жыйынтыгын чыгарды.
Анда район-шаарлардан келген баш имам-хатибдердин жыл ичинде аткарган иштери фото-видео түрүндө көрсөтүлүп, алардын баяндамаларын КМ Алымдар Кеңешинин мүчөсү Талантбек ажы Жороев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын адистеринен түзүлгөн комиссиялык курам угушту. Комиссия мүчөлөрү баяндамалардын негизинде баш имам-хатибдердин жыл бою аткарган иштериндеги артыкчылыктар менен кемчиликтерди айтышып, суроолорду беришти.
Соңунда отчетторду кабыл алуу комиссиясынын чечими менен Аксы районуну баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков 66 балл, Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков 67 балл, Чаткал районунун баш имам-хатиби Кубанычбек ажы Токонов 69 балл, Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев 72 балл алып, облус казысынын “Алкыш” баракчасы менен сыйланды. Ал эми Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков 72 балл, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев 78 балл алып, “Жылдын мыкты баш имам-хатиби” наамын алышты.
Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков бардык район-шаарлардагы баш имам-хатибдер казыяттын канаты, негизги өзөгү экендигин баса белгилеп, жеңүүчүлөргө атайын даярдалган энчилүү кол саат жана ыраазычылык барагын тапшырып жатып буларга токтолду.
«Урматтуу баш имам-хатибдер, сиздер казыяттын негизги өзөгүсүздөр. Аймактардагы диний абалды жөнгө салууда, КМДБдан келген ар кандай тапшырмаларды өз убагында аткарууда, элибиздин диний, руханий сабаттуулугун арттырууда салымыңыздар зор. Ар бириңиздер алдыңкы орундарга татыктуусуздар. Эң башкысы биздин, элибиздин ынтымакчылыгы менен биримдиги. Бүгүнкү иш-чарабыздан сабак ала турчу бир учурду баса белгилеп айтпасам болбойт. Булда болсо биздин ынтымагыбыз. Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Апсаттар ажы авабыз менен Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкар ажыбыз бирдей балл алып калышты. Комиссиянын эсеби менен экөө тең 72 балл алышты. Ага карабастан кичүүбүз аксакалыбызга жол берип, Апсаттар ажы авабыз “Жылдын мыкты баш имам-хатиби” болду. Шумкар ажыбыздан Аллахым ыраазы болсун. Бул биздин ортобуздагы ынтымак, биримдик. Аллахым баарыбыздын ортобузга дагы да ынтымак, биримдик жана сый-урмат берсин. Баарыңыздарга ыракмат», – деди.
Эске салсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчётторду облус аймагындагы 12 район, шаардын ичинен 11 и офлайн, жолдун катаал шартына байланыштуу Тогуз-Торо районун баш имам-хатиби онлайн форматта тапшырды.