Абдималик ажы Турсунбеков ОшМУнун БжМ факультетинин студенттерине лекция окуду

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков ОшМУнун БжМ факультетинин студенттери менен жолугушуп, коррупцияга жол бербөө боюнча өз баяндамасын жасады.

«Ар бириңиздерди ата-энеңиздер окуп, өнөр үйрөнгөн, өз багыты боюнча мыкты адис болсун деген жакшы ниетте окууга шарт түзүү үчүн аракет кылып келет. Ошол себептен ата-эненин мээнетин актап, тилеген тилегин орундатууга аракет кылыңыздар. Акча же ортомчу аркылуу кесипкөй адис боло албайсыз, изденип окуганда гана мыкты адис болосуздар. Коррупцияга жол бербөө керек. Анын шарияттагы өкүмдөрү жөн жерден эмес. Акча менен окууну бүтүрүү менен өзүнө гана эмес, өзгөлөргө да зыянын тийгизет», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.

Ошондой эле, коррупция тууралуу Кереметтүү Курандагы «Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты  өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жеш үчүн  акимдерге  алып барбагыла» (Бакара сүрөсү 188-аят) аятын белгилеп өттү.