Ош облусуна караштуу Араван районунда «Зия» диний окуу борбору ачылып, эсептик каттоодон өткөндүгүн тастыктоочу күбөлүгү тапшырылды.
Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, ДИМК ТАБдын өкүлү Ильяз Маматкаримов, айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү имамдар жана айымдар катышты.
Ошондой эле, ачылыш аземинде алгачкы сабак өтүлүп, анда Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков фикх, тасаввуф жана акыйда маселелери боюнча маалымат берсе, ДИМК ТАБдын өкүлү Ильяз Маматкаримов «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам жөнүндө» маалымат берип өттү.