Үстүбүздөгү жылдын 23-24-декабрь күндөрү Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкерлери жана шаар, район баш имам-хатибдери үчүн иш кагаздарын электрондоштуруу боюнча окуу семинары өткөрүлдү.
Семинарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын референт жана жалпы бөлүмүнүн адиси Медербек ажы Балтабаев өткөрдү. Ал электрондоштуруу кат алышууну жеңилдетип, иш кагаздарынын так жана тез жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилеп, жаңы система тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле Баткен казыятынын бардык ички кат алышуулары «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлөрү маалымдалды.
Бул система иш процессин жөнөкөйлөтүп, муфтият, казыяттардын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарууга жардам бермекчи.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров заман талабына ылайык казыятты санариптештирүү иштерин ийгиликтүү жүргүзүүгө кошкон салымы үчүн Медербек ажы Балтабаевге ыраазычылык билдирип, электрондоштуруу казыяттын ишин натыйжалуу жана сапаттуу уюштурууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.