Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Түркиянын билим берүү министрлигин зыярат кылып, диний агартуу бөлүмүнүн башкы директору Ахмет Ишлейен менен жолугушту.
Жолугушууда Түркия ББМ өкүлү Ахмет Ишлейен аалымдар делегациясын жылуу кабыл алып, кыргыз-түрк бир туугандыгын баса белгилеп, Түркиядагы билим берүү системасы боюнча маалымат берди.
Ал эми Азирети Муфтий Кыргызстандагы диний билим берүү боюнча токтолуп, ДОЖдордо ханафилик-матуридиликти күчтөндүрүү, диний билимге мамлекеттик стандартты кийирүү ж.б. боюнча пикирлерин ортого салып, бул тармактагы Түркиянын практикасына кызыкты.
Тараптар диний билим берүү тутумундагы лицейлер, гимназиялар, факультеттер, ошондой эле магистратура, докторантура боюнча талкуу өткөрүп, диний билим берүү жаатында тыгыз ишешүүгө макулдашышты.
Айта кетсек, бүгүн 25-декабрь күнү Анкара шаарында КР ДИМК директору менен Азирети Муфтийдин Анкарадагы мекендештер менен жолугушуусу өтмөкчү.