Анкара: Кыргызстандык делегация Түркиянын Аалымдар Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Түркиянын Дин иштери министрлигинин алдындагы Ажылык-умра башкы башкармалыгын зыярат кылышты.

Делегация Түркиянын Дин иштери министрлигинин алдындагы Умра жана Кудус зыяраттарын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мухаммед Зейд Өзел жана ажылыкты уюштуруунун бөлүмүнүн өкүлү Жемалеттин Назлыоглу менен жолугушуп, боордош өлкөлөрдүн практикасы, мекемелер аралык тажрыйба алмашуу жана ажылык иштерин жүргүзүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Андан соң кыргыз делегациясы Түркиянын Аалымдар Кеңешинин (Диний Жогорку Комитет) төрагасы проф. док. Абдуррахман Хачкалынын кабыл алуусунда болушту. Достук зыяратында Абдуррахман Хачкалы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши менен жакындан кызматташууга даяр экенин билдирип, бир тууган элдердин диний сабаттуулугун көтөрүү жаатында иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстан делегациясынын курамында КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, КМ АК мүчөсү Самаган ажы Мыразаибраимов, Азирети Муфтийдин орун басары, УРШ төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу бар.

Айта кетсек, 2024-жылдын 22-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азиретий Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркия мамлекетине расмий иш сапары башталган. Иш сапардын алкагында Стамбул жана Анкара шаарларында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, эки бир тууган өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө, кызматташтыкты өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу боюнча маанилүү талкуулар өткөрүлөрү мерчемделген. Бул иш сапар Түркия менен Кыргызстан ортосундагы тарыхый достук мамилелерди бекемдөөгө, билим берүү, диний кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Жолугушууларда эки өлкөнүн элдеринин достугун чыңдоого багытталган демилгелер талкууланып, келечектеги кызматташтыктын негизги багыттары аныкталмакчы.