Самидин кары Атабаев Тоң районунун имамдары менен жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 25-декабрында Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Тоң районунун жалпы имамдары менен жолугушуу өткөрүп, алардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган лекция өттү.

Жолугушуу учурунда казы Матуриди акыйдасы жана Ханафи мазхабы тууралуу кеңири маалымат берип, бул багыттардын ислам дининдеги орду жана мааниси жөнүндө түшүндүрдү. Ошондой эле жергиликтүү калкка экстремисттик жана террористтик идеологиялардын коркунучтары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү имамдардын милдети экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында өткөн жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланып, келечектеги пландар тууралуу пикир алмашуу болду. Имамдар жергиликтүү жамааттар арасында биримдикти бекемдөө, туура диний багытты сактоо жана экстремизмге каршы иш-чараларды күчөтүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Бул жолугушуу имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын коомдогу маанилүү ролун бекемдөөгө багытталган натыйжалуу иш-чаралардын бири болуп калды деп билдиришти казыяттан.