Ысык-Көл облусунун казысы Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы медреселерде жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 25-декабрда Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Тоң районунун Тоң айылындагы «Орозакун уулу Узакбай ажы» атындагы медресенин жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Каныбек ажы» атындагы медресенин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Самидин кары эки медреседе тең экстремизм, терроризм жана туура эмес диний агымдардын коркунучтары тууралуу түшүндүрүү сабактарын өттү. Облус казысы салттуу эмес агымдардын ислам динине туура келбеген идеяларын жана алардын коом үчүн тийгизген зыянын баса белгиледи. Ошондой эле акыйда маселелерин талкуулап, ислам дининин туура принциптерин түшүндүрүп, жаштарды туура багытка чакырды.

Сабактардын соңунда эки медресенин студенттерине жана устаздарына белектер тапшырылды. Белектер илимге болгон кызыгууну арттырып, алардын келечектеги ийгиликтерине дем берүү максатында уюштурулду.

Бул жолугушуулар Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы медресе окуучулары үчүн маанилүү болуп, алардын диний билимге болгон кызыгуусун жогорулатууга жана туура жолдо жүрүүгө багыт бермекчи.