Үстүбүздөгү жылдын 25-26-декабрь күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Чүй жана Бишкек шаарларынын райондук баш имам-хатибдерине жыйын болуп өттү.
Жыйын Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, муфтияттын мечит, курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Саамалыкта муфтиятка караган жалпы мечиттердин, имамдардын жана курулушу жүрүп жаткан мечиттердин документи боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү.
Муфтияттын электрондук базасына катталган мечиттердин саны, алардын статусу, абалы, каттоосу, шарты ж.б., ал эми имамдардын саны, кызматы, билими жана башка маалыматтары базадан текшерилип, баш имам-хатибдер менен такталып толукталды.
Райондун баш имам-хатибдерине базага катталган мечиттердин жана имамдардын керектүү документтеринин толук эместерин ушул жылдын аягына чейин толуктап тактап берүү тапшырмасы берилип, мындан ары электрондук базада республика боюнча облус, айыл өкмөттүк жана айылдарга чейин диний кызматкерлердин жана мечиттердин маалыматын көрүп тура турган денгээлге жеткендигин мечит курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүннн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев маалымдады.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров мечиттердин, окуу жайлардын жана диний кызматкерлердин электрондук каттоо базасын түзүү тапшырмасын берген.