Түркия мамлекетинин Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Анкара мамлекеттик университетинин теология факультетин зыярат кылды.
Делегация зыяраттын алкагында факультет деканы проф. док, Ирфан Айжан менен жолугушту. Достук маанайындагы жолугушууда кыргыз делегациясы ОшМУ менен Анкара МУнун 1993-жылкы келишимин эске салып, ага ылайык Кыргызстандагы Ош теологиясында кесипкөй дин таануучулар жетилип чыкканын, учурда алар ар кайсы тармактарда жогорку деңгээлде кызмат кылып жатканын билдиришти.
Азирети Муфтий өз сөзүндө Түркиядагы теология факульеттери жогорку диний билим берүүчү мекемелер экенин, алардын динди илимий принципте изилдөөчү илимпоздор катары бир катар жетишкендиктерин баса белгилеп өттү.
Зыяраттан соң делегация Анкара МУнун теология факультетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер жана Анкарадагы мекендештер менен жолугушту.
Жолугушууда КР ДИМК директору боордош өлкөдөгү мекендештерге Кыргызстандан ысык салам жеткирип, алардын окууларына жана иштерине ийгилик кааласа, Азирети Муфтий ханафилик-матуридилик мазхабы, дин жана каада-салт, исламда мекенчилдик темаларында кыскача лекция окуду. Лекция суроо-жооп менен коштолуп, мекендештер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.
Катышуучулар атайын убакыт бөлүп жолугушуу өткөргөн Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийине ыраазычылык билдирип, Ата Журтка салам жолдошту.