Түркия мамлекетинин Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Кыргыз Рсепубликасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигин зыярат кылышты.
Делегацияны Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Руслан Казакбаев жылуу кабыл алып, элчиликтин ишмердүүлүгү жана боордош өлкөдөгү мекендештер тууралуу учкай айтса, КР ДИМК директору жана Азирети Муфтий Түркияга жасалган иш сапар, макулдашуулар жана келишимдер боюнча учкай маалымат берип өтүштү.
Айта кетсек, ушуну менен КР ДИМК директору жана Азирети Муфтий башында турган делегациянын Түркияга болгон достук сапары жыйынтыкталды. Делегациясынын курамында КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, КМ АК мүчөсү Самаган ажы Мыразаибраимов, Азирети Муфтийдин орун басары, УРШ төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу бар.