Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев имам-хатибдерден жылдык отчёт алды

2024-жылдын 26-декабрында Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдерден жылдык отчёт алды.

Иш-чарага облус казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков, казыяттын кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдер катышты.

Имам-хатибдер өз аймактарында бир жыл ичинде аткарылган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат беришип, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой эле, алдыдагы жылга карата пландар жана иш-чаралар боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү. Имамдар жамааттарды биримдикке чакыруу, экстремизмдин алдын алуу жана диний билимди жайылтуу багытында иштерди улантуу керектигин белгилешти.

Жыйындын соңунда өзгөчө ийгиликтерге жетишкен имам-хатибдерге облустук казыят тарабынан сыйлыктар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Бул иш-чара облус аймагындагы диний иштерди жакшыртуу, иш планды толук аткаруу күчөтүү жана имамдардын ишмердүүлүгүн баалоодо маанилүү болуп, келечектеги жаңы демилгелерди ишке ашырууга түрткү бермекчи.