Бүгүн, 27-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында жылды жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү.
Жыйында жыл ичинде аткарылган иштерге сереп салынып, мониторинг жүргүзүлдү.
«Бул жерге Алла Таала насип кылып келип калдыкпы, анын акысын толук берели. Бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Биздин ниетибиз, оюбуз, максатыбыз Жараткандын ыраазычылыгына гана багытталуу. Анын ыраазычылыгынан башка эч бир максат, эч бир кызыкчылык жок. Бул нерсе бүлкүлдөп согуп турган жүрөктөрдүн ээси болгон Алла Таалага ачык-айкын маалым. Тилекке каршы, учурда бизге жана мекемебизге карата маалыматтык каралоо жүргүзүп жаткандар бар. Бизге негизсиз да, негиздүү да сындар айтылууда. Андыктан негиздүү сындарды угуп, жүрөктөн өткөрөлү. Ал эми негизсиз каралоолорду Жаратканга тапшырдык», – деди КМДБ жетекчиси жыйында.
Ал өз сөзүндө эл кызматында талбастан эмгек кылууну ар бир кызматкерге табыштап, ислам жолу машакат жана оор жол экенин, бул жолго чыныгы ыймандуу, илим-билимдүү, эрктүү, сабырдуу, татыктуу, таза, кесипкөй, Алладан корккон жана шариятка амал кылган гана момундар чыгарын эскертти. Дин исламга кызмат кылууга ниети жоктор, татыксыздар, адам акысынан коркпогондор ушул улуу жолдо жүрө албасын кошумчалады.
Жылдык отчёттун негизинде өткөрүлгөн жыйынтыктоочу саамалыкта КМДБнын бухгалтерия жана катчылык бөлүмү мыкты деп табылса, Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Самидин ажы Мамаев «мыкты кызматкер» деп табылды. Ошондой эле идараны таза кармап, жаркыратып турган Хайринисо Зиеевага да мекеменин Ардак баракчасы тапшырылды.