Ош облустук казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктылары сыйланды

Ош облустук казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, 2024-жыл ичинде казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртууда салым кошкондорго сыйлыктары тапшырылды.

«Жылдын мыкты кызматкери» номинациясы казыяттын бухгалтери жана чарба адиси Сулайман ажы Шерматов жана Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров табылса, казыяттын Ардак грамотасы менен Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев сыйланды. Ошону менен бирге облус аймагындагы башка райондордун баш имам-хатибдерине Ыраазычылык баракча тапшырылды.

«Бул жылы КМДБнын чыгарган жыл жыйынтыгында Ош облустук казыяты «Мыкты казыят» деп табылды. Албетте бул баарыңыздардын талыкпай кылган эмгегиңиздер менен болду. Ошол себептен ар бир райондон баш имам-хатибине сыйлык берүүнү туура көрдүк. Ошентсе да, араңыздардан салыштырмалуу эң мыктыларына казыяттан Алкыш жана Ардак грамоталарды тапшырып жатабыз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.