Кочкор району: Айыл тургундары имамга айлык чегерип берди

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын жашоочулар айыл имамы Кумарбек Керембаевдин бир жылдык айлык акысын чогултуп беришти.

Аталган айыл тургундарынын, айылдагы уруу башчылары бир чечимге келишип, ар бир түтүндөн 1000 сомдон акча чогултушкан.

Чогулган жалпы сумма 246 000 сомду түзүп, жыйналган акчаны айыл имамы Кумабек Керембаевге 2025-жылдын бир жылдык эмгек акысы кылып  тапшырып беришти.

Казыяттан билдиришинче, Кумарбек Керембаев Кара-Күңгөй айылында 2016-жылдан бери имамдык кызматты аркалап келет. Ошол күндөн ушул күнгө чейинки эмгегине ыраазы болгон эл 2024-жылдан бери имамдын айлыгын бере башташкан. Өткөн жылдын январь айында 249 000 сом чогултуп беришкен.

Облустук казыяттын эмгек жамааты айыл тургундарынын демилгесин жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

Төмөндө ыраазычылыктын тексти берилет:

“Урматтуу Кара-Күңгөй айылынын тургундары. Сиздер динибиздин өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан имам Кумарбек Керембаевге кандай колдоо көрсөткөн болсоңуздар, Алла Таалам сиздерге да албан жакшылыктарын ыроолосун. “Адамга ыраазычылык айта албаган адам, Аллага да ыраазычылык айта албайт” дегендей, биз сиздерге, Кара-Күңгөй айылынын  кары-жаштарынын бардыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым ынтымагыңыздар бекем сакталып, жолуңуздар ачык болуп, жакшы иштериңиздер муундан-муунга улан берсин демекчибиз. Сиздерге берекелүү өмүр тилеп Нарын облустук мусулмандар казыятынын жалпы жамааты”.