2025-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу алкагында, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия Сауд Араб падышачылыгындагы кызмат көрсөтүүчү компаниялар ортосунда тандоо иш-чарасын расмий түрдө баштады. Бүгүн комиссиянын алгачкы отуруму болуп өтүп, анда төмөнкү маанилүү маселелер талкууланды:
Ажыларга кызмат көрсөтүүчү компанияны (Муассаса) тандоо;
Тамак-аш менен камсыздоочу компанияны тандоо;
Транспорттук кызмат көрсөтүүчү компанияны (автобустар) тандоо;
Курмандыктын малын ажылык мезгилинде союучу компанияны тандоо;
Мадина шаарында ажыларга мейманкана берүүчү компанияны тандоо.
Жыйындын жүрүшүндө ажылык учурунда Кыргызстандык ажыларга кызмат көрсөтүүчү тараптарды тандоо чечими кабыл алынып, атайын талаптар бекитилди. Бул талаптар ажыларга сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ажыларга кызмат көрсөтүү боюнча Сауд Араб падышачылыгынын мыйзамдарына ылайык кызматташууга кызыктар болгон компанияларды тандоого катышууга чакырабыз. Байланыш номерлери:
WhatsApp: +996 500 215 111, 966548957586
Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 3-январы, саат 17:00 гө чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссия 2025-жылдагы ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү жеринде улантууда.
لجنة تنظيم الحج لعام 2025 تبدأ خطواتها ميدانياً
في إطار تنظيم موسم الحج لعام 2025، بدأت اللجنة الخاصة التي أنشأتها إدارة الشؤون الدينية لمسلمي قيرغيزستان بشكل رسمي إجراءات اختيار الشركات المقدمة للخدمات في المملكة العربية السعودية. وعُقد اليوم الاجتماع الأول للجنة، حيث تم مناقشة القضايا الهامة التالية:
- اختيار الشركة المقدمة لخدمات الحجاج (المؤسسة).
- اختيار الشركة المسؤولة عن توفير الطعام (مطبخ الإعاشة).
- اختيار الشركة المقدمة لخدمات النقل (الحافلات).
- اختيار الشركة المسؤولة عن ذبح الأضاحي خلال موسم الحج.
- اختيار الشركة التي تقدم خدمات الفنادق للحجاج في مدينة المدينة المنورة.
خلال الاجتماع، تم اتخاذ قرار باختيار الجهات التي ستقدم الخدمات للحجاج القيرغيزيين خلال موسم الحج، مع اعتماد معايير محددة تهدف إلى توفير ظروف مريحة وخدمات ذات جودة عالية للحجاج.
ندعو الشركات المهتمة بالتعاون وفقًا لقوانين المملكة العربية السعودية في مجال تقديم خدمات الحج إلى المشاركة في عملية الاختيار.
للتواصل: +966548957586
واتساب: +996 500 215 111
يتم استقبال الأوراق حتى تاريخ 3 يناير 2025 م الساعة الخامسة مساء.
تواصل اللجنة التي أنشأتها إدارة الشؤون الدينية لمسلمي قيرغيزستان اتخاذ جميع التدابير اللازمة ميدانياً لضمان تنظيم موسم الحج لعام 2025 على أعلى مستوى.