Меккеде ажылыкты уюштуруу комиссиясы кызмат көрсөтүүлөр боюнча документтерди дыкат текшерип жатат

2025-жылдын 3-январына чейин Мекке шаарында ажылыкты уюштуруу комиссиясы Кыргызстандык ажылар үчүн ажылык мезгилинде көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча тандоого катышкан фирмалардын ичинен Машаир өрөөнүндө (Мина, Арафат, Муздалифа, Жамарат жана башка кызматтар) аймагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруучу фирмалардын документтерин дыкаттык менен текшерип чыкты. Комиссия ыйык өрөөндөрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн фирмалар тарабынан сунушталган сунуштарды жана шарттарды жеринде талдоодо.
Бул иш-чара ажыларга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында уюштурулууда.