Куланак айылынын имамы Кенжебек Имановго умра сертификаты белек кылынды

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаштары айыл имамынын көп жылдан берки эмгегин баалип, имамга умра сертификатын тапшырышты.

Иш-чарага Нарын районунун баш имам-хатиби катышып, айылдын демилгелүү жаштарына терең ыраазычылыгын билдирип өттү.

Маалымат иретинде айта турган болсок, соңку бир ай ичинде Нарын району боюнча беш имамга умра сертификаттары тапшырылды.