Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу комиссиясы Кыргызстандык ажылар үчүн ажылык мезгилинде автобустар менен кызмат көрсөтүү боюнча тандоого катышкан компаниялардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты.
Комиссия мүчөлөрү ажылык мезгилинде шаар аралык жана шаар ичиндеги транспорттук кызматтарды уюштуруу үчүн автобустар менен иш алып барган компаниялардын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрүн байкап, өзгөчө көңүл бурду. Ажылык үчүн зарыл болгон транспорттук кызматтардын сапаты, коопсуздугу жана ыңгайлуулугу бааланып, компания жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлдү.
«Ажылык — дүйнө жүзү боюнча мусулмандар үчүн өтө маанилүү жана чоң руханий иш-чара болуп саналат. Кыргызстандык ажыларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү маселеси комиссиянын негизги приоритеттеринин бири. Жергиликтүү компаниялардын жана фирмалардын иши жана сунуштары комиссия тарабынан бааланган соң, ажылык мезгилинде автобустар менен кызмат көрсөтүү боюнча эң жакшы талаптарга жооп берген компаниялар тандалып алынат. Учурда болочок ажыларыбыз үчүн жакшы шарттарды түзүүгө бардык аракеттерди көрүп жатабыз»,-деди штаб жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев.
Ажылык кызматтарды жакшыртуу — жалпы максат!
Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу комиссиясы ар бир кыргызстандык ажынын ыңгайлуу жана коопсуз шартта ажылыкка баруусу үчүн өзүнүн ишмердүүлүгүн улантууда.