Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Алыш айылында жаңы мечиттин ачылыш аземи өткөрүлдү. Мечиттин ачылышына Нарын районунун акиминин орун басары Туратбек Кулеков, Доболу айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Кудайбергенов, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров, «Исар» кайрымдуулук фондунун жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.
Келген коноктор алгач куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, демөөрчүлүк кылган «Исар» кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылыктарын билдирип өтүштү. Андан соң дуба кылынып, жаңы мечиттин астанасы атталып, алгачкы намаз окулду.
Маалымат иретинде айта турган болсок, бул айылдын эски мечити авариялык абалда болгондуктан, ордуна жаңы мечит салынып, документ иштери толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Облустук казыяттан маалымдашынча, азыркы учурда Нарын району боюнча жалпы 42 мечит бар. 39 мечит эсептик каттоодон өткөн болсо, 3 диний объектке пайдаланууга жараксыз деген корутунду чыккан.