Меккедеги ажылыкты уюштуруу комиссиясы Кыргызстандык ажылар үчүн 2025-жылкы ажылык маалында курбандык чалуу кызматы боюнча тандоого катышкан фирмалардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты.
Комиссия өкүлдөрү Меккедеги курбандык чалуучу фирмалардын иш шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты. Жолугушууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана алардын уюштуруудагы тиешелүү уруксат кагаздары, келишимдеринин болушу дыкат каралды.
Бул иш-чаранын максаты – кыргызстандык ажылар үчүн курбандык чалууну уюштуруунун сапатын жана коопсуздугун камсыздоо. Комиссия өкүлдөрү фирмалардын шарттарын текшерип, алардын кызмат көрсөтүүлөрү белгиленген талаптарга жана стандарттарга шайкеш келери боюнча жеринде анализ кылышууда.
Ажылык сапарында Кыргызстандын ажыларына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана коопсуздугу үчүн жүргүзүлгөн бул текшерүүлөр, бардык иш-чаралардын сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.